Кыргыз-кытай мамлекеттик чек арасындагы "Торугарт" жана "Эркештам" көзөмөл-өткөрүү бекеттери 2024-жылдын 1-январында убактылуу жабылат. Бул тууралуу КР УКМКнын Чек ара кызматы билдирет.
Мекеменин билдирүүсүнө караганда, бекеттер кытай тараптын демилгеси менен Жаңы жыл майрамдаларына байланыштуу жабылат.
Адамдарды, транспорттук унааларды өткөрүү 2-январда калыбына келтирилет.
КР УКМК Чек ара кызматы эскертет:
- "Торугарт-автожол" жана "Иркештам-автожол" өткөрүү жайлары штаттык режимде иш күндөрү – дүйшөмбүдөн жума күнгө чейин иштебейт;
- эс алуу күндөрү – ишемби жана жекшемби күндөрү КӨЖнан адамдарды, транспорт каражаттарын жана жүктөрдү өткөрүү токтотулат.
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн