Бугу 04, 2024
Убакыт: 16:21
USD
88.70
89.60
EUR
95.00
96.00
RUB
0.950
0.975

Кыргыз-кытай чек арасындагы өткөрүү пункттарынын ишин жакшыртуу маселеси талкууланды

12.01.2023 15:06
248
Кыргыз-кытай чек арасындагы өткөрүү пункттарынын ишин жакшыртуу маселеси талкууланды

Бүгүн, 12-январда тышкы иштер министринин орун басары Айбек Молдогазиев Кытайдын Кыргызстандагы элчиси Ду Дэвэнь жолугушту.


КР ТИМдин басма сөз кызматынан билдиришкендей, жолугушуунун жүрүшүндө тараптар кыргыз-кытай мамилелеринин ортосундагы маселелердин кеңири чөйрөсүн талкуулашты.


Тараптар маанилүү саясий, экономикалык жана маданий-гуманитардык окуяларга бай 2022-жылдын жыйынтыгына жогорку баа беришти. Ошондой эле 2023-жылга карата эки тараптуу мамилелерди өнүктүрүү пландары боюнча пикир алмашты.


Мындан тышкары, транспорт, коммуникациялар, айыл чарба жана башка тармактарда, биргелешкен экономикалык долбоорлорду алга илгерилетүүгө, ошондой эле кыргыз-кытай чек арасындагы өткөрүү пункттарынын ишин коронавирустук эпидемияга чейинки деңгээлге чейин калыбына келтирүү маселелерине өзгөчө көңүл бурулду.

Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн