Бугу 13, 2024
Убакыт: 00:04
USD
88.50
89.40
EUR
95.00
96.00
RUB
0.950
0.970

Кыргыз-кытай чек арасындагы пункттардын иштөө графиги өзгөрдү

07.08.2023 17:31
262
Кыргыз-кытай чек арасындагы пункттардын иштөө графиги өзгөрдү


2023-жылдын 6-августунан баштап кыргыз-кытай мамлекеттик чек арасында жайгашкан өткөрүү пункттарынын ишмердүүлүгүнө айрым өзгөрүүлөр киргизилди.

КР УКМКнын Чек ара кызматынын маалымат жана коммуникация башкармалыгынан билдиришкендей, “Торугарт” жана “Иркештам” өткөрүү жайлары бир жумада 7 күн, саат 08:00дөн 20:00гө чейин иштеп башташты.

Жуманын бардык күндөрү жогоруда аталган өткөрүү жайлары жүк ташуучу транспорт каражаттарын өткөрөт, ал эми дүйшөмбүдөн жумага чейин (эс алуу күндөрүнөн тышкары) туристтерди жана башка жарандарды жөө жана жеңил автоунаа менен өткөрөт.

Ишемби жана жекшемби күндөрү өткөрүү жайлары аркылуу жүк ташуучу траспорт каражаттары гана өтө алышат.

Эскерте кетсек, Кытайга кирүү үчүн жалпы чет элдик паспорту бар жарандар виза ачтыруулары керек.

Өткөрүү жайлары мындай режимде 2023-жылдын 30-сентябрын кошуп эсептегенге чейин иштемекчи.

КР УКМК Чек ара кызматы мамлекеттик чек араны кесип өтүү боюнча бардык суроолор менен жарандар +996 312 88 16 18 телефон номерине кайрыла алышарын эскертет.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн