Кыргыз маданияты жана адабияты оор жоготууга учурады.
2023-жылдын 29-декабрында 83 жаш курагында узакка созулган оорудан кийин Кыргыз Республикасынын Маданиятына эмгек сиңирген ишмер, Кыргыз Республикасынын Эл акыны Сүйөркүл Тургунбаев дүйнөдөн кайтты.
Кыргыздын атактуу асыл өнөр адамдарынын бири, Кыргыз Республикасынын эл акыны, Кыргыз Улуттук жазуучулар союзунун мүчөсү, СССР жазуучулар союзунун мүчөсү Сүйөркул Тургунбаев Ош облусуна караштуу (азыркы Жалал-Абад облусу) Базар-Коргон районундагы Беш-Кадам айылында 1940-жылдын 12-июнунда жарык дүйнөгө келген.
1964-жылы Кыргыз мамлекеттик университетинин филология факультетин бүтүргөн.
Алгачкы эмгек жолун аталган университетти аяктагандан соң, 1964-жылы Ош облусуна караштуу Алай районундагы мектепте орус тили, адабияты жана чет тили сабагынан мугалим болуп иштөө менен баштаган.
1966-жылдан тартып Кыргыз ССРинин Илимдер академиясынын Тил жана адабият институтунда илимий кызматкер, 1970–1984-жылдары “Кыргызстан маданияты” гезитинде бөлүм башчы, 1986-1988-жылдары Кыргызстан Жазуучулар союзунун башкармалыгында сын боюнча адабий кеңешчи кызматтарында иш алып барган.
Сүйөркул Тургунбаевдин биринчи поэтикалык жыйнагы “Бизде баары сүйлөйт” деген ат менен 1966-жылы жарыкка чыккан. Ал бир катар ырлар жана поэмалар жыйнактарынын, адабий сын макалалардын автору.
Кыргыз тилинде чыккан китептери:
− Бизде баары сүйлөйт: ырлар,1966-жыл;
− Салам, жаш өмүр: ырлар,1967-жыл;
− Кечки троллейбус: ырлар, 1969-жыл;
− Замандаштын дүйнөсү: сын макалалары, 1978-жыл;
− Жарыктын ыры: ырлар жана поэмадан фрагменттери, 1979-жыл;
− Эки аска: ырлар жана поэмалар, 1982-жыл;
− Касиет: ырлар жана поэма, 1985-жыл;
− Жылдыз: ырлар, 1989-жыл;
− Күндүн көзү: ырлар, 2006-жыл.
Дүйнөлүк адабияттагы улуу жазуучу-акындардын чыгармаларын которууда чоң эмгек жасаган.
Орус тилинде чыккан китептери: 1986-жылы “Запах арчи”, 1987-жылы “Новый день”, 1973-жылы “Признание в любви” аттуу ырлар жана поэмалар жыйнагы жарык көргөн.
Андан сырткары, В.Маяковскийдин, М.Ю.Лермонтовдун, Е. Евтушенконун, И.Чавчавадзенин, Я.Шивазанын, А Навоинин, Т. Кобзардын ырлары, моңгол элдик поэзиясын ж.б.у.с. көптөгөн чыгармаларды кыргызчага которгон.
Сүйөркул Тургунбаевдин кыргыз адабиятына кошкон зор салымы үчүн мамлекет тарабынан бааланып, 1979-жылы СССР Жазуучулар союзунун мүчөсүнө кабыл алынган. 1978-жылы Сүйөркул Тургунбаев “Кыргыз Республикасынын эл агартуу отличниги” наамына, 1990-жылы Жогорку Кеңештин Ардак грамотасына татыктуу болгон. 1995-жылы ага “Кыргыз Республикасынын маданиятына эмгек синирген ишмер” наамы ыйгарылган. Андан соң, Кыргыз Республикасынын эл акыны наамын алган.
Кыргыз адабиятына болуп көрбөгөндөй жаңылыктарды алып келген Сүйөркул Тургунбаевдин адамдык парасаты жана жогорку адамгерчилиги жүрөгүбүздө түбөлүккө сакталат.
Кыргыз Республикасынын Эл акыны Сүйөркул Тургунбаевдин дүйнөдөн өткөндүгүнө байланыштуу анын үй бүлөсүнө, жакындарына терең кайгыруу менен көңүл айтабыз.
С.Н. Жапаров, Н.Т. Шакиев, А.У. Жапаров, З.К. Базарбеков, Э.Ж. Осконбаев, С.С. Касмамбетов, А.А. Касымалиев, К.К. Ташиев, Б.Э. Торобаев, Э.Ж. Байсалов, С.Ш. Жээнбеков, Р.И. Отунбаева, М.Ш. Шеримкулов, А.Ж. Жумагулов, Дж.К. Исаева, С.А. Раев, Садык Шер-Нияз, Ө.Ч. Текебаев, А.А. Алтынбеков, М.Б. Тыналиев, А.А. Акматалиев, Н.О. Сыдыгалиев, А.С. Кадыралиев, А.А. Максутов, Т.М. Ажымалиев, Н.Ө. Калыбеков, А.Ж. Жакшылыков. Т.С. Самидинов, К.Ж. Жусупов, Ө.Д. Даникеев, С.Ж. Жетимишов, А.Р. Рыскулов, К.Ж. Жусубалиев, М.А. Ааматов, Ш.Д. Дуйшеев, К.А. Ашымбаев, Т.М. Мамеев, М.А. Абакиров, К.Б. Бакиров, А.Ө. Өмүрканов, Н.А. Алымбеков, М.М. Мамазаирова, Т.З. Закирова, С.А. Акматбекова, Т.Т. Казаков, Ж.О. Кулмамбетов, С.Г. Суслова, ж.б.
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн