Чын курандын 28, 2025
Убакыт: 21:24
USD
87.30
87.80
EUR
99.00
100.00
RUB
1.052
1.090

Кыргыз мугалими Түркияда эмне үчүн кармалганы белгилүү болду

28.04.2025 17:04
29
Кыргыз мугалими Түркияда эмне үчүн кармалганы белгилүү болду


Тышкы иштер министринин орун басары Алмаз Имангазиев Кыргызстандын жараны Азамат Нурматовдун Стамбулда эмнеге кармалганын айтып берди.


Ал Эл аралык иштер, коргоо, коопсуздук жана миграция комитетинде депутаттын суроосуна жооп берип жатып, кыргызстандык мугалим "Хизмет" (Түркияда террордук уюм катары табылган) кыймылына тиешелүү иш боюнча кармалганын билдирди.


"Азамат Нурматов 2016-2017-жылдары аскерий төңкөрүш болгон маалда Түркиядагы бир жатаканада жашаган экен. Ошол кезде көбүнчө Фетхуллах Гүллендин колдоочулары пайдаланган уюлдук тиркемени колдонуптур. Түрк тарап ошонун негизинде Нурматовго издөө жарыялаган. Мугалим ошол үчүн кармалган", — деди Имангазиев.


Министрдин орун басары педагогдун жактоочусу менен ТИМ кызматкерлери тыгыз иштешип жатканын, маселе көзөмөлдө экенин кошумчалады.


FETO кыймылы Түркияда террордук уюм деп таанылган. Анын негиздөөчүсү маркум Фетхуллах Гүлен 2016-жылы жайында Түркияда 250дөй адам набыт болгон төңкөрүштү жасоого аракет кылган деп шектелип келген. Бул окуялардан кийин өлкөдө даабатчылар, кыймылдын миңдеген жактоочулары кармалган. Гүлен 1999-жылдан бери АКШда жашап, былтыр октябрда көз жумган.

Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн