Чын курандын 28, 2024
Убакыт: 22:14
USD
88.90
89.70
EUR
95.00
96.00
RUB
0.945
0.970

Кыргыз өкмөтү Ташиев менен Ятимовдун жолугушуусу тууралуу маалымат берди

03.10.2023 09:41
172
Кыргыз өкмөтү Ташиев менен Ятимовдун жолугушуусу тууралуу маалымат берди


Кыргыз-тажик мамлекеттик чек арасын делимитациялоо жана демаркациялоо боюнча эки өлкөнүн өкмөттүк делегацияларынын кезектеги биргелешкен жолугушуусу болду. Бул туурасында министрлер кабинети билдирди.


Сүйлөшүү 2-октябрь күнү Баткен шаарында УКМК төрагасы Камчыбек Ташиев менен Тажикстандын УКМКсынын жетекчиси Саймумин Ятимовдун жетекчилиги астында өткөн.


Жолугушууда чек араны делимитациялоо маселеси боюнча кеңири пикир алмашуу болгону белгиленди.


“Делегациялардын башчылары кыргыз-тажик чек арасынын долбоордук линиясынын калган тилкелериндеги иштерди активдештирүү зарылчылыгын билдирип, жумушчу топторго тиешелүү тапшырмаларды беришти. Өкмөттүк делегациялардын топографиялык жана укуктук маселелер боюнча жумушчу топтору чек аранын калган тилкелеринде долбоордук линияны сыпаттоо иштерин улантат”, — деп айтылат маалыматта.


Биргелешкен жыйындын жыйынтыгы боюнча протоколго кол коюлган. Жолугушуу достукта жана өз ара түшүнүшүү маанайында өткөнү айтылды.


Соцтармакта айрым блогерлер Тажикстан менен чек ара толук такталып, “тарыхый чечим кабыл алынганын” жазууда. Алар Ташиев менен Ятимовдун документке кол коюп жаткан сүрөттөрүн чыгарышкан. Бирок бул маалымат расмий тастыкталган жок.

Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн