Чын курандын 18, 2024
Убакыт: 17:46
USD
89.10
89.87
EUR
94.70
95.70
RUB
0.935
0.960

Кыргыз өкмөтү коронавирустун жаңы түрүнө каршы турууга даярбы?

15.01.2021 12:26
659
Кыргыз өкмөтү коронавирустун жаңы түрүнө каршы турууга даярбы?

Коронавирус пандемиясынын өткөн жылдагы толкуну дүйнө мамлекеттерин, анын ичинде өзгөчө Кыргызстанды бир топ бушайманга салды. 2020-жылдын июль айында күнүнө орточо эсеп менен 30-40тын тегерегинде мекендештерибиз жарыкчылык дүйнө менен кош айтышып жатышты. Ооруканаларда орун жетишпей, дарыканаларда дары-дармектер, бет кап, жеке коргонуучу жабдуулардын жетишсиздиги орун алды. Ошол эле убакта алардын баасы 3-4 эселеп кымбаттады.


Көрсө, пандемияга каршы турууга ошол убактагы кыргыз өкмөтү жеткиликтүү даярданган эмес экен. Эгерде өз убагында дары-дармектердин, жеке коргонуучу медикаменттердин запасын камдап, оору күчөп кетсе ооруканаларда орун жетиштүү болушун да камсыздап койгондо, балким адам өлүмү азыраак болот эле. Тилекке каршы, ал убактагы өкмөт элди карантинге жаап, анан жөн гана статистиканы айтып отуруп алган экен. Алтургай оорунун артынан акча жасап калууну көздөгөндөр да болгону белгилүү болду. Бул жагдайлар боюнча учурда Экономикалык кылмыштарга каршы күрөшүү боюнча мамлекеттик кызмат (Финполиция) тергөө иштерин жүргүзүп жатканы маалым. Финполдун жетекчиси Сыймык Жапыкеев пандемиядагы адам өлүмдөрү үчүн тиешелүү бир катар экс-чиновниктер жазалана турганын да журналисттерге билдирди.


Азыр деле коронавирус токтой элек. Өлкөбүздө күнүнө жүздөн кем эмес жаңы катталган оорулуулар чыгууда. Дагы деле бул илдеттен көз жумгандар катталууда. Ал эми Дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюмунун Өзгөчө кырдаалдар программасынын директору Майкл Райан коронавирус пандемиясынын экинчи жылы биринчи жылына салыштырмалуу оор болушу мүмкүн экенин жакында эле эскертти. Анын айтымында Түндүк Америка жана Европа учурда коронавирустан катуу жапа чегүүдө.


Ошол эле убакта Кыргызстандын саламаттыкты сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев коронавирустун жаңы түрү Кыргызстанга каалабасак да келет деди. «Азыр коронавирустун жаңы түрү 41 өлкөдө катталды, анын ичинде Россия да бар. Биз каалайбызбы, же каалабайбызбы, вирустун жаңы түрү бизге да келет. Вирустун мурдагы түрү жаштарда жана балдарда жеңил өткөн болсо, жаңы түрү агрессивдүү мүнөзгө ээ болуп, балдарда жана жаштарда көбүрөөк кездешет. Бул түрдөн каза болгондордун саны мурдагыга караганда 2,5 эсеге көп болушу мүмкүн», - деди ал.


Демек, атайын адистер айтып жаткандан кийин алдыда оор күндөр келе жатат. Кыргызда «Ооруну жашырсаң, өлүм ашкере кылат» дейт. Анын сыңары коронавирустун жаңы түрүнүн коркунучтуу экенин айткнадарды тилдегендин пайдасы жок. Аны билип алган туура. Андан көрө ошол жаңы түрүнө каршы турууга кыргыз өкмөтү кандай аракеттерди жасап жатканын сурашыбыз керек. Тиешелүү дары-дармектердин, медициналык жеке коргонуучу жабдуулардын запасы жетиштүүбү? Ал жаңы түрүн дарылоонун ыкмасы кандай болот? Ооруканаларда орундар жетиштүү болобу? Өткөн жылдагыдай болуп, ооруканаларда орун жетишпей, ооруп келгендер көчөдөн эстерин жоготпойбу?


Азыр өткөн жылдагы пандемия үчүн сурак берип жаткан экс-чиновниктердин тагдыры бүгүнкүлөргө сабак болушу керек. Эгерде жетиштүү даярдык көрүшпсө, эртең эле ошолордун ордунда болуп калуулары мүмкүн.


Сагынбек Сатыкеев


Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн