Чын курандын 23, 2024
Убакыт: 14:36
USD
88.90
89.70
EUR
94.60
95.60
RUB
0.945
0.960

Кыргыз окумуштууларынын тобу хинди жана кыргыз тилдериндеги тектеш сөздөрдүн сөздүгүн түзүштү

12.10.2021 22:59
16512
Кыргыз окумуштууларынын тобу хинди жана кыргыз тилдериндеги тектеш сөздөрдүн сөздүгүн түзүштү


Кыргызстандын Мамлекеттик тил комиссиясы менен Индиянын Маданий  алакалар жаатындагы Кеңеши биргелешип кыргыз жана хинди тилдеринин жалпы тектеш сөздөрүнүн сөздүгүн түзүп, жарыялап жаткандыгы кубанычтуу маданий окуя.    


 Кыргызстан менен Индия байыртадан ирегелеш жашап, ар түрдүү деңгээлдеги алака-катыш күтүп келген. "Манас" жана "Рамчаритманас" - эки цивилизациянын маданий туундусу жана жалпы адамзат маданиятына кошкон салымы.  

Теңир-Тоонун эзелки көчмөндөрү кезинде Индиянын түндүк өңүрлөрүнө чейин кирип барышып, ошол жерлерге байыр алып, жергиликтүү элдер менен камыр-жумур аралашып жашап калышкандыгы маалым.


 Ал эми Индиянын таңгак-таңгак жүк артынып, түрдүү товар ташыган соодагерлери, дүйнө кезген буддист кечилдери кыргыз жерлерине чейин жетип, эки ортодогу карым-катыштын түптөлүшүнүн, андан-ары өнүгүшүнүн катышуучулары болуп калды. 


 Кыргыз жана хинди тилдериндеги тектеш сөздөрдүн дагы бир катмарынын жаралышы "Улуу моголдор" династиясынын негиздөөчүсү Захриддин Бабурдун жана анын урпактарынын заманы менен байланыштуу деп чечкиндүү айта алабыз. 


Кыргызстан - Индия тарыхый байланыштары дегенде жоокерчилик заманда Ысык-Көл, Кочкорду каршы-терши аралап, Теңир-Тоодогу саясий бийлик үчүн күрөшкөн, жолу болбогондо акыры Индияга кетүүгө мажбур болуп, сөөгү Кашмирде калган Мухаммед Хайдар бабабыз (1499-1551) эске түшөт.


Тилдик байланыштардын эң бир таасын өрнөгүн Мухаммед Чинги (Индия, XVII кылым) чагылдырган экен. Анын колунан чыккан "Келур-наме" сөздүгүн барактап, XVII кылымда Индия жергесинде сүйлөнгөн түрк тилинин сөздүгүн окуп отурсаң, тобо, нукура кыргыз тилинин эстелиги менен таанышканыңа маашырланасың. 


Эки өлкөнүн тарыхый жана маданий байланыштарынын тереңдигине кыскача сереп салып жатып, эки элдин тилиндеги окшоштуктарга көңүл бурулуп, тектеш сөздөрдүн иргелип изилденишин терең канааттануу менен белгилеймин. Сөздүктүн жарык көрүшү Кыргызстан менен Индия элдеринин ортосундагы маданий жана илимий байланыштарды андан ары чыңдоого өбөлгө болмокчу.


Арслан Капай уулу Койчиев, жазуучу, Кыргыз Республикасынын Президентинин кеңешчиси

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн