Чын курандын 08, 2025
Убакыт: 05:56
USD
86.80
87.30
EUR
95.10
96.10
RUB
0.990
1.040

Кыргыз-орус аскердик кызматташуу маселеси талкууланды

06.08.2021 10:54
506
Кыргыз-орус аскердик кызматташуу маселеси талкууланды

2021-жылдын 5-августунда КР Куралдуу Күчтөрүнүн Генералдык штабынын башчысы генерал-майор Эрлис Тердикбаевдин Россия Федерациясынын Свердлов областынын эл аралык жана тышкы экономикалык байланыштар министри Василий Козлов менен эки тараптуу жолугушуусу болуп өттү. Бул тууралуу министрликтин басма сөз кызматы кабарлады.



Жолугушуунун жүрүшүндө тараптар эки тараптуу кызматташуунун келечегин, ошондой эле маданий-гуманитардык кызматташуунун активдештирүүнү талкуулашты, тактап  айтканда, Советтер Союзунун Баатыры генерал-майор И.В. Панфиловдун айкелин чыныгы колодон кую, андан ары бул айкелди Бишкек шаарында Баатырдын ысымын алып жүргөн эс алуу багына орнотуу долбоорун маданий-гуманитардык кызматташуунун алкагында ишке ашыруу маселесине токтолушту.


КР КК Генералдык штабынын башчысы кыргыз-орус кызматташуусунун өнүгүшүнө багытталган колдоолору үчүн россиялык тарапка ыраазычылык билдирди.


Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн