Жалган курандын 29, 2024
Убакыт: 07:40
USD
89.40
89.87
EUR
96.20
97.20
RUB
0.960
0.985

Кыргыз-орус кызматташтык мамилелери талкууланды

12.11.2021 11:59
696
Кыргыз-орус кызматташтык мамилелери талкууланды

Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасынын биринчи орун басары Арзыбек Кожошев Кыргыз Республикасындагы Россия Федерациясынын Атайын жана Ыйгарым укуктуу Элчиси Николай Удовиченко менен жолугушту. 


Министрлер кабинетинен кабарлашкандай, жолугушуунун жүрүшүндө тараптар өз ара кызыкчылык туудурган маселелердин кеңири чөйрөсүн талкуулады.


Атап айтканда, соода-экономикалык кызматташтыкты өнүктүрүү, биргелешкен инвестициялык долбоорлорду ишке ашыруу жана энергетикалык тармакта өз ара аракеттенүү тууралуу кеп жүрдү.


 «Кыргыз Республикасы Россия Федерациясы менен соода-экономикалык байланыштарды өнүктүрүүгө кызыкдар. Өкмөттөр аралык комиссиянын теңтөрагасы катары анын ишин активдештирүүгө жана эки тараптуу кызматташтыктын актуалдуу маселелерин чечүү зарылдыгын жана эпидемиологиялык абалды эске алуу менен өкмөттөр аралык комиссиянын кезектеги кеңешмесин өткөрүүгө даярмын», - деди Арзыбек Кожошев.


 Тараптар аркылуу илимий-техникалык жана маданий-гуманитардык тармактарда өз ара аракеттешүүнү кеңейтүүгө, ошондой эле Кыргыз Республикасынын аймагында жалпы билим берүү уюмдарын куруу маселесине басым жасалды.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн