Бугу 12, 2024
Убакыт: 14:19
USD
88.50
89.40
EUR
95.00
96.00
RUB
0.950
0.970

Кыргыз-орус өкмөттөр аралык комиссиянын жыйынындагы макулдашууларды ишке ашыруу маселеси талкууланды

26.04.2023 08:56
405
Кыргыз-орус өкмөттөр аралык комиссиянын жыйынындагы макулдашууларды ишке ашыруу маселеси талкууланды

Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров Россия Федерациясынын Өкмөтүнүн Төрагасынын орун басары Алексей Оверчук менен видеобайланыш форматында сүйлөшүүлөрдү өткөрдү.


Тараптар кыргыз-орус кызматташтыгынын негизги маселелерин талкуулап, интеграциялык бирикмелердин алкагында өз ара аракеттенүүгө басым жасап, эки жана көп тараптуу өз ара аракеттенүүнүн кыска жана узак мөөнөттүү келечегин белгилешти.


Мындан тышкары тараптар үстүбүздөгү жылдын мартында Бишкек шаарында өткөн Соода-экономикалык, илимий-техникалык жана гуманитардык кызматташтык боюнча кыргыз-орус өкмөттөр аралык комиссиянын 24-отурумунун алкагында жетишилген макулдашуулардын ишке ашырылуусун карап чыгышты.


Тараптар ошондой эле, Кыргыз Республикасынын Президентинин үстүбүздөгү жылдын 8-майында Россия Федерациясына боло турган расмий сапарын уюштуруу маселелерин талкуулашты.


Сүйлөшүүлөрдүн жыйынтыгында теңтөрагалар жогорку деңгээлдеги жолугушуулардын жүрүшүндө жетишилген макулдашууларды ишке ашырууга өзгөчө басым жасоо менен эки тараптуу мамилелердин бардык спектрин мындан ары активдештирүүнү макулдашышты.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн