Үстбүздөгү жылдын 23-октябрынан 4-ноябрына чейин кызматташтык мерчеминин негизинде Кыргызстандын Улуттук гвардиясынын аскер кызматкерлери Өзбекстандын Улуттук гвардиясында өтүп жаткан атайын багыттагы аскерлеринин биргелешкен атайын-тактикалык сабактарынын жана тренингдерине катышууда.
КР Улуттук гвардиясынын маалыматына караганда, бир жума ичинде аскер кызматчылар атайын багыттагы түзүмдөрдүн даярдыктарынан өтүшөт.
"Атайын-тактикалык даярдык, тоо даярдык, ок атуу, байланыш боюнча сабактар жана башка сабактар уюштурулуп, ал эми инженердик-сапердук түзүмдөрү атайын даярдык сабактарынан өтүп жатышат", - деп айтылат маалыматта.
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн