Жетинин айы 26, 2024
Убакыт: 00:16
USD
86.65
87.15
EUR
90.50
91.50
RUB
0.830
0.875

Кыргыз-өзбек чек арасын кескен сызыктын 95 пайызы өз ара макулдашылды

29.05.2020 16:33
1154
Кыргыз-өзбек чек арасын кескен сызыктын 95 пайызы өз ара макулдашылды


Учурда Өзбекстан жана Тажикстан менен чектешкен мамлекеттик чек араны делимитациялоо боюнча иштер жүрүүдө, деп билдирди өкмөттүн басма сөз кызматы.

 

Маалыматка ылайык, кыргыз-өзбек чек арасын кесип өткөн сызыктын жалпы узундугунун 95% өз ара макулдашылды. 

 

Буга чейин кыргыз-өзбек мамлекеттик чек арасын делимитациялоо жана демаркациялоо боюнча өкмөттүк делегациялардын 31 отуруму, топографиялык жумушчу топтордун 96 жолугушуусу, укуктук маселелер боюнча жумушчу топтордун 2 жолугушуусу өткөрүлгөн.

 

Бүгүнкү күндө өзгөчө статусу бар айрым чек ара аймактарынын коопсуздугун камсыздоо жана социалдык-экономикалык жактан өнүктүрүү мамлекеттик программасынын экинчи этабы ишке ашырылып жатат.

 

Өкмөттөн билдиришкендей, программа 33 иш-чараны камтыйт, аларды жүзөгө ашырууга 296 млн 250 миң сом каралган. Бул каражаттардын ичинен 195 млн сом Баткен облусундагы өзгөчө статусу бар чек арага чектеш аймактарды өнүктүрүүгө багытталат.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн