Кыргыз-өзбек чек арасында 28-декабрь түнү күчү 4 баллга жеткен жер титирөө катталды. Бул тууралуу Сейсмология институту кабарлады.
Жер титирөөнүн очогу Ош шаарынан 5 км түндүк-батышта жайгашкан.
Жер титирөөлөр Ош шаарында, Нариман, Шарк, Кашкар-Кыштак, Жаңы-Кыштак айылдарында - болжол менен 4 балл, Кара-Суу шаарында, Ак-Таш, Большевик, Отуз-Адыр, Каарман, Кыргыз- Чек, Таштак, Мады, Дыйкан-Кыштак, Жапалак аймактарында 3 балл байкалган.
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн