Чын курандын 20, 2025
Убакыт: 09:29
USD
86.70
87.20
EUR
98.50
99.50
RUB
1.050
1.095

Кыргыз-өзбек чек арасындагы "Достук" постунун кызматкерлери коррупция боюнча кармалды

10.06.2022 17:01
738
Кыргыз-өзбек чек арасындагы "Достук" постунун кызматкерлери коррупция боюнча кармалды

“Достук” көзөмөл-өткөрүү пунктунун аскер кызматкерлери коррупция фактысы боюнча кармалды. Бул тууралуу КР УКМКнын басма сөз кызматынан билдиришти.


Маалыматка ылайык, УКМК тарабынан КР Кылмыш-жаза кодексинин 336-беренесинин 1-бөлүгү (Коррупция) менен катталган кылмыш иши боюнча жүргүзүлгөн ыкчам-иликтөө иш-чараларынын жүрүшүндө, “Достук” көзөмөл-өткөрүү пунктунун аймагында системалуу түрдө мыйзамсыз акча талап кылуу фактысы боюнча “Достук” көзөмөл-өткөрүү пунктунун аскер кызматкерлери А.Д.М., Д.М.Т., Х.Р.Р., КР Саламаттыкты сактоо министрлигине караштуу Транспорттогу мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөлдөө борборунун түштүк аймагы боюнча башкы дарыгеринин орун басарынын милдетин аткаруучу Н.С.Т., “Достук” санитардык карантин пунктунун мурдагы башчысы А.З.Ж., ошондой эле “Достук” көзөмөл-өткөрүү пунктунун аймагындагы кызмат адамдарынын мыйзамсыз акча өндүрүүсүнө тиешеси бар ортомчулар С.А.Ж., А.Б.Т., кармалды.


Жогорудагы адамдарга карата Ош шаардык соту тарабынан 2022-жылдын 24-июнуна чейин камакка алуу түрүндөгү баш коргоо чарасы тандалды.


Азыркы учурда бул кылмышка тиешеси бар башка адамдарды аныктоо боюнча ыкчам-иликтөө иш-чаралары жүрүп жатат.

Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн