Чын курандын 26, 2024
Убакыт: 11:40
USD
88.90
89.70
EUR
95.00
96.00
RUB
0.955
0.980

“Кыргыз президентинин COVID-19га каршы өлүмгө коркунучу бар дарысы”

04.05.2021 00:04
1313
“Кыргыз президентинин COVID-19га каршы өлүмгө коркунучу бар дарысы”


Франциянын “Mediapart” басылмасына ушул макалам чыкты. 


Назилинде, биздин президенттин пандемияга каршы арга издеп атканын, мурдагы ажодой кол куушуруп олтуруп бергиси келбеген ниетин туура түшүнгүм келет. Бирок кечээкидей жол менен эмес болчу. Өлкөнүн кайсы бир мыйзамы кандай чыгаарын мамлекет өзү гана билет бирок медицинага келгенде абайлап кадам жасашса болмок. Анткени медицина бул - ден соолук, медицина бул - адам өмүрү. А адам өмүрүнө келгенде дүйнө коомчулугу көзүн жумуп койбойт. Цивилизацияга цивилдүү жол менен гана кире алабыз, башка жол жок. Саясатта революцияны бат кылган элбиз бирок медицинада кылыш үчүн дагы көп, дагы терең эмгектенгенибиз оң болмок. 


Дүйнө коомчулугунда “Биздин президент!” деген жакшы айтымыш бар. Мактанышып, сыймыктанышып. Ушул сөздөн мен да куру калгым келбейт. Ошентип айткым келет. Бул ураан жалгыз эле “улуу элдерге” буйруган эмес. Алакандай деген элибизге акылдуу ажо келсе кыргыздар да ар бурчтан “Алгалап!” тураар элек. 


Садыр Жапаров кандай президент болот?! Ал азырынча – чоң суроо… Мынча болду азыркы ажодон үмүтүмдү үзгүм келбей тур. Анткени үмүт үзгөндөн тажадык! Чарчадык! Бүт кыргыз эл чарчады. Үмүт үзүлүүнүн арты  - жек көрүү, түңүлүү! Жек көрүү пайда болгондон кийинки Кыргызстандын абалын эми элестетүү кыйын…


Кыргыз президенттеринин катасы дайыма командасы начар, оппозициясы күчтүү болуп келген. Демек, 30 жылдын номер бир сабагы ушул - оппозицияга беттенип калган күчтүүлөрдүн баарын өзүңүзгө тартыңыз. Бул менин чындап тилегим. Күчтүү командаңыз сизди күчтүү кылат. Анткени эзелтен ошондой болуп келген: “Жоону чапса эл чапчу, аты Манаска калчу…”


Жеңишбек Эдигеев, журналист 

Редакциядан: Автордун макаласы редакциянын көз карашын билдирбейт 

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн