Чын курандын 27, 2024
Убакыт: 06:56
USD
88.90
89.70
EUR
95.00
96.00
RUB
0.955
0.980

Кыргыз продукциясы атаандаштыкка жөндөмдүү, абдан даамдуу жана таза, - Жеке ишкер

04.08.2020 17:24
917
Кыргыз продукциясы атаандаштыкка жөндөмдүү, абдан даамдуу жана таза, - Жеке ишкер


Президент Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 4-августта Ысык-Көл районунун Өрнөк айылындагы мөмө-жемиш багын көрүп чыкты. Бул жакта Россия-Кыргыз өнүктүрүү фондунун жеңилдетилген насыясынын жардамы менен мөмө-жемиштерди өстүрүү үчүн тамчылатып сугаруу технологиясы киргизилген.

Президенттин басма сөз кызматы билдиргендей, бактын ээси Вадим Сергеев мурдагы белгилүү спортчу, дзюдо боюнча Дүйнөлүк мелдеште байгелүү орунду ээлеген. Ал өзүнүн ийгилик сырлары менен бөлүшүп, 30 гектар аймакта алча, шабдалы, өрүк өстүрүлөрүн маалымдады. Түшүм жыйноо убагында 100дөй адам жумуш менен камсыз болот.

Ишкер мындан сырткары, Бишкекке кайра иштетүүчү завод куруп, жакын жайгашкан айылдардагы фермерлерден 150 тоннага чейин кулпунай кабыл алат.

Заводдун продукциялары негизинен Россия жана Казакстандын рыногуна чыгарылууда, муну менен токтоп калбастан, ишкер дүйнөлүк рынокко - Европа жана АКШга чыгууга жол издөөдө. Азыр ал заводду дүйнөлүк стандартка ылайык, кайра жабдууга ниеттенүүдө.

Вадим Сергеев кыргыз продукциясынын чет өлкөдөгү ийгилигине ишенет. «Биздин продукция атаандаштыкка жөндөмдүү, ал абдан даамдуу жана экологиялык жактан таза», - деп эсептейт ишкер.

Сооронбай Жээнбеков аны толук колдоп, жергиликтүү ишкердин шыктануусун жана эмгекчилдигин канааттануу менен белгиледи.

«Мурда сиз спорттун чемпиону болсоңуз, эми айыл чарбада ийгилик жаратып жатасыз», — деп белгилеп, жергиликтүү бийликти жана Орус-Кыргыз өнүктүрүү фондусун жетекчилигин Вадим Сергеев сыяктуу ишкерлердин демилгелерин колдоого чакырды.

«Чакан жана орто бизнес ишкерлерине жеңилдетилген насыяларды ашыкча тоскоолдуксуз берүү зарыл, алар өздөрүнүн продукцияларын чет өлкөлөргө чыгарып жатышат, аны менен өлкөнүн экспорттук дараметин жогорулатып, аймактарда жумуш орундарын түзүүдө», - деп баса белгиледи ал.

Президент аймактарды өнүктүрүү мамлекеттик саясатынын алкагында жер-жерлердеги айылдык товар өндүрүүчүлөрдү колдоо үчүн багытталган жеңилдетилген насыялардын көлөмү жылдан-жылга көбөйтүлөрүн өзгөчө белгиледи.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн