Ысык-Көлдө өтүп жаткан VII кыргыз-россия экономикалык форумунун алкагында жалпы суммасы 270 млн долларлык 30 документке кол коюлду. Бул тууралуу Россия-Кыргыз өнүктүрүү фонду башкармалыгынын төрагасы Артем Новиков билдирди.
Анын айтымында, бул документтер "Кыргызстан аэропорттору" ААК үчүн учактарды жеткирүү, "Кыргыз темир жолунун" базасында өндүрүш кубаттуулуктарын өнүктүрүү, Россиядан металл жеткирүү, Кыргыз өнүктүрүү фондунун жаңы долбоорлорун каржылоо, ошондой эле ири сүт өндүрүшүн түзүү сыяктуу тармактарды камтыйт. Бул демилгелерди ишке ашырууга Евразия өнүктүрүү банкы катышат.
Быйылкы форумдун өзгөчөлүгү – тарыхта биринчи жолу Санкт-Петербург эл аралык экономикалык форумунун көчмө сессиясы өткөрүлдү.
"Бул эл аралык аянтчалар Кыргызстанга ишенип, биз менен бирге иш-чараларды өткөрүүгө даяр экенин дагы бир жолу баса белгилейт", - деди Новиков.
Мындан тышкары, көргөзмөнүн алкагында 100гө жакын компания өз продукцияларын тааныштырды.
"Кыргыз экономикалык форуму сыяктуу абройлуу аянтчалардын ишинин уланышы Кыргызстандын дүйнөлүк рыноктор үчүн ишенимдүү өнөктөш катары имиджин бекемдөөгө мүмкүндүк берерине ишенем. Экономикалык өсүштүн жогорку темптери президент Садыр Жапаровдун демилгелери жана колдоосу аркылуу жетишилди", - деп кошумчалады ал.
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн