Бугу 11, 2024
Убакыт: 11:40
USD
88.50
89.40
EUR
95.00
96.00
RUB
0.950
0.970

Кыргыз-сауд бизнес форуму жыл аягына чейин өтөт

27.08.2022 10:33
639
Кыргыз-сауд бизнес форуму жыл аягына чейин өтөт

Кыргызстандын элчиси Улукбек Марипов Сауд Аравиянын инвестициялар министринин орун басары Мухаммад Аль-Хассна менен жолугушту. Бул тууралуу элчи өзү соцтармактагы баракчасына жазды.


Сүйлөшүү учурунда тараптар өз ара сапарларды уюштуруу, эки тараптуу туризмди жана ишкердик байланыштарды өнүктүрүү, жеке сектордун өкүлдөрү менен ар кандай иш-чараларды өткөрүү жана эки өлкөнүн ортосунда үзгүлтүксүз түз аба каттамдарын ачуу зарылдыгы жөнүндө бир пикирге келишкен.


Элчи Марипов Кыргызстанда 2022-жылдын аягына чейин өтө турган кезектеги кыргыз-сауд бизнес форумун жогорку деңгээлде өткөрүү зарылдыгын белгиледи.


Ошондой эле иш-чаранын алкагында эки өлкөнүн ортосунда Ишкерлер кеңешин түзүүнү жана анын биринчи жыйынын өткөрүүнү билдирди.


"Мындан тышкары, жагымдуу бизнес чөйрөнү түзүү жана араб инвесторлорунун кызыкчылыктарын коргоо максатында КР министрлер кабинети менен Сауд Арабия өкмөтүнүн ортосундагы Инвестицияларды илгерилетүү жана коргоо жөнүндө макулдашуунун долбоорун жакынкы аралыкта боло турган эң жогорку деңгээлдеги байланыштарда кол коюуга даярдоону сунуштадым", - деп жазды элчи.


Өз кезегинде Аль-Хассна эки өлкөнүн ортосундагы мамилелерди мындан ары активдештирүүгө жана соода-экономикалык байланыштарды чыңдоого чакырды.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн