Чын курандын 27, 2024
Убакыт: 07:02
USD
88.90
89.70
EUR
95.00
96.00
RUB
0.955
0.980

Кыргыз-сауд маданият жана кино күндөрүн өткөрүү талкууланды

22.11.2022 10:13
642
Кыргыз-сауд маданият жана кино күндөрүн өткөрүү талкууланды

Кыргызстандын Сауд Араб Падышалыгындагы элчиси Улукбек Марипов өлкөнүн Маданият министринин орун басары Фахад Аль-Канаан менен эки өлкөнүн ортосундагы маданият жана кино күндөрүн өткөрүүнү талкуулады. Бул тууралуу элчиликтин басма сөз кызматы билдирди.


Ошондой эле Борбор Азия өлкөлөрүнүн маданият ишмерлеринин катышуусунда биргелешкен Эл аралык жаштар форумун уюштуруу маселеси да каралды.


Фархад Аль-Канаан мырза экөөбүз маданий- гуманитардык чөйрөдөгү кызматташтыкты кеңейтүүнү мындан ары да улантууга, ошондой эле Эки өлкөнүн министрликтери ортосундагы маданий жааттагы кызматташуу жөнүндөгү макулдашууга кол коюуну тездетүүгө эки тараптан тең кызыкдар экенин билдирди.


Жолугушуунун соңунда элчи Марипов Ф.Аль-Канаан мырзаны ыңгайлуу бир убакытта Кыргыз Республикасын көрүп кетүүгө чакырды.




Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн