Жетинин айы 24, 2024
Убакыт: 20:02
USD
86.55
87.05
EUR
89.80
90.80
RUB
0.835
0.875

Кыргыз-сауд мамилесин активдештирүү талкууланды

20.12.2021 15:19
414
Кыргыз-сауд мамилесин активдештирүү талкууланды

19-декабрда Ислам Кызматташтык Уюмуна (ИКУ) мүчө-мамлекеттердин тышкы иштер министрлеринин Афганистан боюнча 17-кезексиз сессиясынын алкагында, КР тышкы иштер министринин орун басары Айбек Артыкбаев Сауд Аравия падышалыгынын Ислам Кызматташтык Уюмуна туруктуу өкүлү – доктор Салех Хамад Алсухайбани менен жолугушту. Бул тууралуу КР ТИМдин басма сөз кызматы билдирет.


Сүйлөшүүнүн жүрүшүндө тараптар Афганистандагы учурдагы кырдаалды, ошондой эле эки тараптуу кызматташуунун кеңири чөйрөсүн талкуулашты.


Министрдин орун басары А.Артыкбаев кыргыз-сауд мамилесин активдештирүү зарылдыгын, атап айтканда, эки тараптуу саясий консультацияларды өткөрүүнүн, кызматташтык боюнча өкмөттөр аралык биргелешкен комитеттин кезектеги жыйынын өткөрүүнүн, ошондой эле 2022-жылы иш сапарларды алмашуунун маанилүүлүгүн белгиледи.


Өлкөлөр ортосундагы дипломатиялык мамилелердин 30 жылдыгынын алкагында, министрдин орун басары А.Артыкбаев Сауд Аравия падышалыгынын Тышкы иштер министрлигинин жетекчилигин Кыргызстанга расмий сапар менен келип кетүүгө чакырды.

Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн