Аяк оона 21, 2024
Убакыт: 16:40
USD
84.00
84.50
EUR
93.30
94.30
RUB
0.900
0.940

Кыргыз спортчулары Олимп Оюндарына даярдануусун токтотту

27.03.2020 14:56
1055
Кыргыз спортчулары Олимп Оюндарына даярдануусун токтотту


Кыргызстандын спортчулары Олимп Оюндарына жана лицензиялык мелдештерге даярдыктарын токтотту. Бул тууралуу “Медиа центр” мультимедиалык-маалымат агентигине Спорттун олимпиалык түрлөрү боюнча дирекциянын маалымат катчысы Мирлан Бекболотов билдирди.

 

Катчынын айтуусуна караганда спортчулар учурда жекече машыгууларга өттү.

 

“Спорттун олимпиадалык түрлөрү менен улуттук курамда жүргөн спортчулар Олимп оюндары жылдырылгандан кийин курам менен машыгууларын токтотту”, - деди Бекболотов

 

Эске салсак, Токио Олимп оюндары 2021-жылга жылдырылганКыргызстандан учурда мелдешке жолдомону жөө күлүктөр Дарья Маслова жана Юлия Андреева, балбандар Атабек Азисбеков менен Айсулуу Тыныбекова, сууда сүзүүчү Денис Петрашов алган. 

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн