Бугу 09, 2024
Убакыт: 13:43
USD
88.50
89.40
EUR
94.80
95.80
RUB
0.955
0.975

Кыргыз спортчулары олимп оюндарына даярдыгын токтоткон жок

17.03.2020 10:21
863
Кыргыз спортчулары олимп оюндарына даярдыгын токтоткон жок


Олимп оюндарына жолдомо уткан Кыргызстандык спортчулар даярдыгын улантып жатышат. Бул тууралуу “Медиа центр” мультимедиалык-маалымат агентигине спорттун олимпиалык түрлөрү боюнча дирекциянын маалымат катчысы Мирлан Бекболотов билдирди.


“Учурда олимп оюндарына жолдомо берүүчү бир катар лицензиялык мелдештер белгисиз мөөнөткө жылдырылган. Андан сырткары өлкө ичиндеги эл аралык жана массалык спорттук иш-чаралар да жылдырылды. 2020-жылы Токио шаарында орун алчу жайкы олимп оюндарына жолдомо алган спортчуларыбыз даярдыгын токтоткон жок, алар машыгууларын көрсөтүлгөн планда улантып жатышат”, - деди Бекболотов.


Эске салсак, XXXII-жайкы Олимп оюндары быйыл 24-июлдан 9-августка чейин Япониянын Токио шаарында өтөт. Учурда көптөгөн ири мелдештердин токтогонуна карабастан  Эл аралык олимпиада комитети жайкы олимп оюндарын өз учурунда өткөрүүнү пландап жатканы айтылды.  

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн