Бугу 20, 2024
Убакыт: 12:53
USD
88.20
89.10
EUR
95.60
96.60
RUB
0.960
0.980

Кыргыз спортчулары жөндөмүн жоготпоо үчүн үй шартында эмне кылып жатышат? (видео)

10.04.2020 14:40
2066
Кыргыз спортчулары жөндөмүн жоготпоо үчүн үй шартында эмне кылып жатышат? (видео)


COVID-19 пандемиясынан дээрлик бардык дүйнөдөгү спорттук иш-чаралар токтоп, олимп оюндары жылдырылды. Бирок инфекция спортчулардын өз кесибине болгон сүйүүсүн жеңе албады. Алардын кандай шарттарда машыгып жатканын “Медиа центр” мультимедиалык-маалымат агенттиги сиздерге сунуштайт.

 

Дүйнөдөгү эң беделдүү болгон Ultimate Fighting Championship уюмунун кыргызстандык мушкери Рафаэль Физиев элден өзгөчөлөнтүп турган беткап менен машыгууда. Учурда Таиландда жашаган мушкерибиз мээнеткеч спортчулардын бири десек болот.




Грек-рим күрөшү боюнча балбан Акжол Махмудов 2019-жылы жаракаттан улам көп мелдештерге катышпай калды. Ал эми, 2020-жылды колдон чыгарбоо үчүн карантин учурунда тер төгүп машыгууларын улантып жатат.




Алдынкы промоушендердин бири болгон ONE Championship уюмунун кыргызстандык чемпиону Киямран Аббасов чемпиондук курун сактап калуу үчүн машыгууларына коронавирус пандемиясы тосколдук жарата алган жок. Спортчу Краснодар аймагында даярданып жатканын көрүүгө болот.



 

Футзал боюнча улуттук курамдын оюнчусу Мирлан Жолдубаев Азия чемпиондугуна эшигинин алдын да берилүү менен даярдык көрүп жатат.




Учурунда Кыргыз футболунун үмүтү болгон, “Барселона” клубунда тарбия алган Эрбол Атабаев соңку учурда социалдык тармакта активдүү болууда. Ал карантинде жөн гана машыкпастан, өзүнүн актердук чеберчилигин да көрсөткөн. Учуру келгенде, а балким быйылкы жылы Кыргызстандын жаштар курамында Эрболдун оюнун көрүп калабыз дей туралы.




Футбол боюнча улуттук курамдын вице-капитаны, “Дордой” клубунун капитаны Мирлан Мурзаев өзүнө тааныш болгон Сосновка айылынын жолдорун да бирде шайтан араба тээп, бирде жөө чуркап карантин учурунда машыгуусун токтоткон жок.




Футбол боюнча улуттук курамдын жана Түркиянын “Болуспор” командасынын мүчөөсү Алимардон Шүкүровдун карантиндеги машыгууларын көрүп, улуттук курамдын кийинки оюндарында айып соккулардын баарын тепкенге Алимардон камынып жатат го деген ой келет.




Футбол боюнча улуттук курамдын дагы бир мыкты оюнчусу Эдгар Бернхардт Криштиану Роналдудан (Конар Макгрегордон) кем калбаган машыгуусун көрсөткөн. 34 жаштагы футболчу спортчу деген атка татыктуу болуунун жолун көрсөткөндөй.




Карантинден кийин спортчуларды көптөгон ири мелдештер күтүп турат. Ал жакта Кыргызстандын желегин желбиретүү үчүн алар талыкпай эмгектенүүдө. Спортчулар оору менен бирге жаракаттан алыс болуп, ийгиликтерди жаратуусуна сиздердин колдоңүздар керек экенин унутпаңыздар.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн