Кулжа 23, 2025
Убакыт: 14:28
USD
87.30
87.80
EUR
100.10
101.10
RUB
1.100
1.130

Кыргыз тасмасы Шанхай кинофестивалында баш байгеге татыды

23.06.2025 09:33
25
Кыргыз тасмасы Шанхай кинофестивалында баш байгеге татыды


Кыргызстандын "Кара. Кызыл. Сары" көркөм тасмасы Шанхай эл аралык кинофестивалынан "Эң мыкты тасма" сыйлыгын жеңип алды. Бул тууралуу “Кыргызфильм” улуттук киностудиясы билдирди.


Маалыматка ылайык, толук метраждуу фильм "Кыргызфильм" киностудиясы тарабынан тартылган. Режиссёру Актан Арым Кубат. Тартуу иштери Баткен облусунда жүргүзүлгөн. Ал эми сценарийи жазуучу Топчугүл Шайдуллаеванын аңгемелеринин негизинде жазылган. Тасмада кыргыздын, анын ичинде каармандын килем токуу өнөрү жана анын кеч келген махабаты чагылдырылган. Фильмдин аталышы килемдеги өңдөргө байланыштуу коюлган.


XXVII Шанхай эл аралык кинофестивалы 13-июндан 22-июнга чейин Шанхай шаарында өттү. Анда 71 өлкөдөн 400дөн ашык фильм көрсөтүлгөн.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн