Жетинин айы 08, 2025
Убакыт: 18:04
USD
87.30
87.80
EUR
101.00
102.00
RUB
1.080
1.110

Кыргыз-тажик чек ара маселеси боюнча кезектеги жыйын Исфарада ѳттү

06.02.2020 18:09
945
Кыргыз-тажик чек ара маселеси боюнча кезектеги жыйын Исфарада ѳттү


4-5-февраль күндөрү Тажикстандын Исфара шаарында кыргыз-тажик мамлекеттик чек арасын делимитациялоо жана демаркациялоо боюнча өкмөттөр аралык комиссиясынын жыйыны өттү. Бул тууралуу өкмөттүн басма сөз кызматы маалымдады.

Өкмөттүк делегацияларды эки өлкөнүн вице-премьер-министрлери Жеңиш Разаков жана Азим Иброхим жетектешет.

Жыйындын жүрүшүндѳ белгиленгендей, эки жактуу мамилелерди бекемдөө максатында мамлекеттик чек араны делимитациялоо жана демаркациялоо маселелерин чечүүгө жалпы түшүнүү жана каалоо бар. Вице-премьер-министр жана кыргызстандык делегация чек ара маселелерин чечүү жана мындан аркы иштерди аткаруу үчүн Баткен облусунда жүрөт.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн