Аяк оона 22, 2024
Убакыт: 13:50
USD
84.00
84.50
EUR
93.30
94.30
RUB
0.900
0.940

Кыргыз-тажик чек ара жаңжалында жабыркаган 138 бала Ысык-Көлгө эс алууга жөнөтүлөт

13.05.2021 18:19
896
Кыргыз-тажик чек ара жаңжалында жабыркаган 138 бала Ысык-Көлгө эс алууга жөнөтүлөт


Бүгүн, 13-майда коомдук ишмер Ассоль Молдокматова Баткен облусуна келип, Тажикстан менен болгон чек ара жаңжалынан жабыркаган үй-бүлөлөрдүн балдары менен жолугушту. Бул тууралуу облустагы өкүлдүн басма сөз кызматы билдирди.


Ал балдар менен баарлашып, алардын ар бирине ден соолук жана кең келечек каалады. Мындан тышкары, 138 баланын ар бирине 3000 сомдон материалдык жардам бөлүп берди.


Молдокматова ата-энелер менен макулдашып, 138 баланы керектүү кийим-кече менен камсыз кылып, бардыгын Ысык-Көлгө он күндүк эс алууга алып кетет. Учуу Ош аэропортунан 27-майга пландалган.


Ассоль өзү билдиргендей, ал акчаны ар бир жаракат алган балага өзү тапшырган. Жарым миллион сомго жакын акча кыргыз элинин жардамы менен чогултулган, бул акча жабыркаган балдарга керектүү буюмдарды сатып алууга жумшалган. Ошондой эле ал балдарды калыбына келтирүү курсунан өтүшү үчүн 10 күндүк эс алуу керектигин кошумчалады.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн