Тогуздун айы 25, 2024
Убакыт: 06:18
USD
85.65
86.15
EUR
92.30
93.30
RUB
0.880
0.915

Кыргыз-тажик чек арасы тынч эмес. Тажиктер 4 унаага таш ыргыткан

25.12.2021 23:51
914
Кыргыз-тажик чек арасы тынч эмес. Тажиктер 4 унаага таш ыргыткан



 2021-жылдын 25-декабры кыргыз-тажик мамлекеттик чек ара аймагындагы кырдаал салыштырмалуу туруктуу. Бул тууралуу Кыргыз Республикасынын Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин Чек ара кызматынын маалымат жана коммуникациялар башкармалыгы билдирди.


Болжол менен саат 14.30 чамасында Баткен облусунун Лейлек районуна караштуу Сай жерлигинин тушундагы такталбаган аймакта Тажикстандын чек арачылары өздөрүнүн аймагындагы постко миномет орнотушкан. Кыргызстандын Максат жана Дамба айылдарынын тушунда Тажикстандын аймагында кошумча тажик аскер кызматкерлеринин пайда болуусу байкалган. 


Саат 19.40 чамасында Ош-Баткен-Исфана унаа жолунун аймагындагы Көк-Таш айылынын Эки-Таш жерлигинде Тажикистандын жарандары Кыргызстандын жарандарынын болжол менен 4 автоунаасын таш бараңга алышкан. Жыйынтыгында автоунааларга зыян келтирилип, Кыргызстандын жарандары жабыркаган эмес.


Чыр-чатак орун алган жерге Кыргызстандын Көк-Таш чек ара заставасынын башчысы келип эскертүү иретинде 3 жолу асманга ок аткандан кийин, Тажикстандын жарандары өздөрүнүн аймагына качып кирип кетишкен. 


Чыр-чатак орун алгандан кийин дароо эле Кыргызстан менен Тажикстандын чек ара застава башчылары кырдаалды жөнгө салуу жана кошумча чек ара кезметтерин коюуу максатында  жолугушкан. Тажик тарап өз учурунда чыр-чатака тиешеси бар адамдарды издөө жүргүзөөрүн билдирди. 


Чыр-чатактын күчөп кетпөөсүн алдын-алуу максатында жеринде Баткен чек ара отрядынын башчысы жана КР УКМКнын Чек ара кызматынын Баткен облусу боюнча башкармалыгынын башчысы иш алып барышууда.


Мамлекеттик чек аранын аталган аймагында жайгашкан чек ара тарамдары күчөтүлгөн тартипте кызмат өтөөгө өтүштү. 


КР УКМКнын Чек ара кызматы аталган аймактагы кырдаалга байкоо жүргүзүп, көзөмөлгө алып турат. 



Теги

Пикирлер (1)

Коопсуздук коду
Айдана
Биздин чек арада турган эр-азаматтар аман Болсун!