Бугу 12, 2024
Убакыт: 12:07
USD
88.50
89.40
EUR
95.00
96.00
RUB
0.950
0.970

Кыргыз-тажик чек арасын чечүүдө Орусия ортого түшөбү?

27.08.2021 07:29
800
Кыргыз-тажик чек арасын чечүүдө Орусия ортого түшөбү?

Кыргызстан менен Тажикстандын чечилбей создуккан чек ара чатагына Орусия ортомчулук кылабы деген суроо кайрадан көтөрүлүүдө. Кыргызстандын тышкы иштер министри Руслан Казакбаев “РИА Новостиге” берген маегинде буга зарылдык кандай шартта болорун айта кетти.



"Эгерде кандайдыр бир себептерден улам биздин өлкөлөр мунаса таба алышпаса, анда биз, албетте, Орусия же башка боордош өлкөлөрүбүздү жана аймактагы өнөктөштөрүбүздү сүйлөшүүлөргө тартуу мүмкүнчүлүгүн карап чыгабыз",- деди ТИМ башчысы.


Жазында эки коңшу өлкөнүн чек арасында куралдуу кагылышуу чыгып, кан төгүлгөндө дагы бул темада сөз козголгон. Орусия сырттан карап туруп, болор иш болуп боесу кангандан кийин өзүнүн ортомчулук кызматын сунуш кылганы белгилүү.


Ошондо эле Орусия тизгинин кармап турган ЖККУ Тажикстандын коңшусу менен болгон чек арага аскер топтоп атканын көрүп туруп, кой деп койгонго жарабай, четте турганын сынга алгандар болгон.


“Жамааттык коопсуздук келишими уюмунун алсыздыгы мени таң калтырып койду. ЖККУга кирген, ортомчулук кылам деген Россия өзүнүн чалгындоо мүмкүнчүлүктөрүн пайдаланып, бизге бир кымындай жардам берип койдубу. Мен ошону күйүтүм менен айтып атам. Анткени Советтер союзунда бирге кызмат кылдык элек. Бул жерде адилеттүүлүктү, ортомчулукту сакташ керек эле да. Мен түшүнүп атам, Тажикстан Россияга керек, азыр Америка аскерин чыгарып кетип атат, кооптуу кырдаал жаралып атат. Алардын Тажикстандагы 201-аскер базасындай эле аскер базасы бизде деле Кантта турбайбы. Ошондо айтып койсо болот эле да, урматтуу Эмомали Рахмон, аскер топтолуп атат, эки элдин бейкүнөө канын төкпөгүлө, отургула, сүйлөшкүлө деп. Бул өзүбүз үчүн бир чоң сабак болуп калды. Кыргызда макал бар эмеспи, жамандын достору көп, бир пайдасы жок деген”,-дейт мурдакы аскер прокурору, коомдук ишмер Кубат Кожоналиев.


Андан бери Садыр Жапаров эрегишпей, Рахмондун чакыруусу менен Дүйшөмбүгө барып келди. Анда эки президент эмне деп сүйлөшкөнү, кандай макулдашканы элге ачык айтылбады. Чек арага чектеш айылдарга капыстан кол салуу убагында бейкүнөө өлүм болгон адамдар, өрттөнүп талкаланып тонолгон үйлөр үчүн ким, качан жооп берет деген суроо элдин жүрөгүн эзип келатат.


Кыргызстандын Башкы прокуратурасы Тажикстан тараптан чек арага чектеш айылдарга куралдуу кол салуу боюнча ондон ашык кылмыш иш иш козгогон, ал иштердин тергөөсү эмне болду, кымындай кабар жок. Тажиктер дагы өз кезегинде кыргыздарга каршы иш козгогон. Эки жак бири-бирин агрессор атап, тирешип турганы турган. Мамлекет башчылар жолугуп сүйлөшкөн менен андан кыйраган жылыш болбогону көрүнүп турат.


Ал эми тажик тарап чек арада траншей казып жатат деген кабар тараганда, алар дагы бир балээни баштаган турабы деп эл кооптонуп, кулак түрүп калды.


Чек ара чатагын жөндөөгө башка өлкөлөрдү ортомчу кылуу жөнүндө маселе мурда-кийин талкууланып келген. Атап айтканда, Орусияны, Казакстанды чакырып, БУУнун өкүлдөрүн ортого алып, сүйлөшүүлөрдү жүргүзүү жөнүндө убагында сөз болгон. Бирок Кыргызстан бул сунушту четке каккан.


“Чек араны эки эле мамлекет чечиш керек, бирөөгө кийин доомат кылбагандай кылып. Бир тарап дагы эч качан ыраазы болбойт экен ортомчунун чечимине. Ошондуктан кандайдыр бир тараптарды аралаштырыш туура эмес”,-деген эле Би-Би-Сиге Кыргызстандын чек араны тактоо боюнча өкмөттүк комиссиясынын мурунку башчысы Саламат Аламанов.


Ырас, Москва четте карап турган жок, бир уюмдагы эки союздаш өлкөнүн кармашып тытышканынын, балким, ага кереги жок, бирок кайсы кырдаалда гана болбосун анын өзүнүн кызыкчылыгы бар эмеспи. Бул өлкөлөр жардам сурап турса, аларды чоң байкесиндей болуп жараштырып койсо, Кремлдин эле кадыры өсөт. Бул өлкөлөр анын тилинен чыкпай, айтканын аткарып, этегин кармап, жармашып турса, мындан артык саясий упай барбы?


Байкоочулардын баамында, Кремль азыр деле кайсы бир деңгээлде бул ишке көшөгө артында киришип жатканы шек туудурбайт. Май айында Садыр Жапаровдун Сочиге болгон сапарынын, Рахмондун Москвага болгон сапарынын негизги темасы жалаң эле Афганистан болгон жок. Чек арадагы куралдуу чыр-чатактар дагы биринчи кезекте турган маселе эмеспи.


Москва кандай кеңеш айтты, шарт койду же көрсөтмө берди, анын баары дипломатиялык протоколго ачык жазылбайт. Бирок, чек ара кризиси создугуп курчуган сайын, Орусия үчүн кийлигишүүгө ыңгайлуу маневр түзүлүп жаткандай. Бул жагынан Москванын дагы өзүнүн планы, алыска караган стратегиясы бар экени шексиз.


Булак: БИ-БИ-СИ

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн