Учтун айы 24, 2025
Убакыт: 06:42
USD
87.30
87.80
EUR
90.70
91.70
RUB
0.870
0.900

Кыргыз-тажик чек арасын делимитациялоо жана демаркациялоо. Делегациялардын теңтөрагалары жолукту

08.07.2024 10:15
219
Кыргыз-тажик чек арасын делимитациялоо жана демаркациялоо. Делегациялардын теңтөрагалары жолукту


Тажикстандын Согди облусунун Бустон шаарында Кыргызстан менен Тажикстандын өкмөттүк делегацияларынын тең төрагалары Камчыбек Ташиев жана Саймумин Ятимов ортосунда кыргыз-тажик мамлекеттик чек арасын делимитациялоо жана демаркациялоо маселелери боюнча кезектеги жолугушуу болуп өттү.

Кыргызстан жана Тажикстандын өкмөттүк делегацияларынын башчылары калган тилкелерде кыргыз-тажик мамлекеттик чек арасын делимитациялоо маселесин талкуулашып, жыйынтыгында Кыргызстан менен Тажикстандын ортосундагы кыргыз-тажик мамлекеттик чек арасын делимитациялоо жана демаркациялоо боюнча иштерди улантуу тууралуу өкмөттүк делегациялардын жумушчу топторуна конкреттүү тапшырмалар берилди.

Жолугушуу достуктун жана өз ара түшүнүшүүнүн кырдаалында өттү.

Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн