Кыргыз-тажик чек арасына зым тор тартыла баштады. Бул тууралуу депутат Камила Талиева парламентте билдирди.
Эл өкүлүнүн айтымында, тиешелүү иштер өткөн аптада башталган.
Талиева чек аранын такталганы үчүн Камчыбек Ташиевге ыраазычылык билдирип, ага аксакалдар жолдогон рахматын айтты.
Буга чейин УКМК төрагасы Камчыбек Ташиев Тажикстан менен чек араны демаркациялоо иштери жылдын аягына чейин бүтөрүн билдирген.
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн