Тогуздун айы 25, 2024
Убакыт: 08:28
USD
85.65
86.15
EUR
92.30
93.30
RUB
0.880
0.915

Кыргыз-тажик чек арасында абал чыңалып турат

04.06.2021 08:41
1679
Кыргыз-тажик чек арасында абал чыңалып турат

Ош облусунун Чоң-Алай районуна караштуу Унжу-Булак жергесинде саат 06:00го карата кыргыз-тажик мамлекеттик чек арасындагы абал оор бойдон калууда. Бул тууралуу КР Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин Чек ара кызматынын коомчулук жана ЖМКлар менен байланыш бөлүмү билдирди.


Белгилей кетүүчү жагдай, тажик тарап мамлекеттик чек аранын аталган жердеги такталбаган тилкесине контейнер коюшуп, андан 600 метр алыстап кетишкен.


Кыргыз тарап абалды тараптардын чек ара өкүлдөрүнүн деңгээлинде чечүү үчүн чараларды көрүп жатат, бирок Тажикстан Республикасынын чек ара өкүлдөрү телефон чалууларга жооп бербей жатат.


КР УКМКнын Чек ара кызматынын мамлекеттик чек аранын кыргыз-тажик бөлүгүндө жайгашкан бөлүмдөрү кызматтын күчөтүлгөн тартибине өтүштү.

Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн