Ушул тапта Баткен облусундагы кыргыз-тажик чек арасында салыштырмалуу абал туруктуу. Чыр-чатак чыккан чек ара тилкесинде эки өлкөнүн тиешелүү жетекчилеринин жолугушуусу болуп, анда жаңжалдын келип чыгуу себептерин териштирүү иштери жүргүзүлүп жатат.
Эске салсак, кечээ, 24-май
күнү Баткен районунун Мойнок тоосу аркылуу өткөн кыргыз-тажик чек арасында ок атышуу орун алды.
Алдын ала маалыматтар боюнча, Тажикстандын Ворух анклавынын жергиликтүү
жашоочулары Кыргызстандын аймагында мал жандыктарын жаюуга аракет кылган, ага
кыргыз чек арачылары тоскоол болгондо тажик тараптын белгисиз адамдары ок ата баштаган. Мындан улам эки тараптын чек ара аскерлери
тарабынан кыска убакытка ок атышуу орун алган.
Учурда абал турукташып, териштирүү иштери улантылып жатат.
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн