Тогуздун айы 25, 2024
Убакыт: 08:24
USD
85.65
86.15
EUR
92.30
93.30
RUB
0.880
0.915

Кыргыз-тажик чек арасында атышуу болуп, 2 кыргыз аскери жаракат алды

08.07.2021 19:31
4247
Кыргыз-тажик чек арасында атышуу болуп, 2 кыргыз аскери жаракат алды

Бүгүн, 8-июлда кыргыз-тажик чек арасында ок атылды. Бул тууралуу Тажикстандын УКМК кызматына таянып Азия Плюс кабарлады.



Маалыматка караганда, окуя Согди облусунун Деваштич районундагы Росровут аймагында болгон.


«Кыргыз аскерлери аралаш жарандык жана аскердик форма кийип, ок атуучу куралдар менен куралданган. Алар Деваштичск аймагынан 9 жылкыны Кыргызстандын аймагына айдап өтүүгө аракет кылган», - деп айтылат Тажикстандын Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин билдирүүсүндө.


Ок атышуудан эки кыргыз аскери жаракат алган.

Бул боюнча Кыргызстандын УКМКсы расмий билдирүү бере элек.

Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн