Жетинин айы 22, 2024
Убакыт: 11:05
USD
86.50
86.85
EUR
90.40
91.40
RUB
0.855
0.885

Кыргыз-тажик чек арасында атышуудан жаракат алган жоокерлердин абалы кандай?

06.06.2022 14:05
599
Кыргыз-тажик чек арасында атышуудан жаракат алган жоокерлердин абалы кандай?

3-июнда кыргыз-тажик чек арасындагы атышууда жараат алган эки жоокердин абалы туруктуу. Бул тууралуу 6-июнда  Саламаттык сактоо министрлигинин басма сөз кызматынан кабарлашты.


Мекеменин маалыматына караганда, Улуттук госпиталда дарыланып жаткан аскерлердин бири дагы деле жандандыруу бөлүмүндө дарыгерлердин көзөмөлүндө жатат.


Жараат алган эки чек арачы 4-июнда Баткенден тик учак менен Бишкекке жеткирилген.


Башынан жараат алган, мээси чайкалган жана омуртка сөөгү сынган 21 жаштагы жоокер нейротравма бөлүмүнө жаткырылган. Ал эсинде экени, абалын дарыгерлер туруктуу оор деп баалап жатышканы айтылган.


Октон баш сөөгү, моюну, төш сөөгү, ийини, кежигеси, далысы ​жабыркаган, мээси чайкалган 22 жаштагы жоокердин абалы оор, ага операция жасалган.


Булак: "Азаттык"

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн