Бугу 20, 2024
Убакыт: 09:39
USD
88.20
89.10
EUR
95.60
96.60
RUB
0.960
0.980

Ташиев: Кыргыз-тажик чек арасында аткезчилик жол менен күйүүчү-майлоочу майларды ташуу толук токтотулду

20.07.2023 13:13
361
Ташиев: Кыргыз-тажик чек арасында аткезчилик жол менен күйүүчү-майлоочу майларды ташуу толук токтотулду


Кыргыз-тажик чек арасында аткезчилик жол менен күйүүчү-майлоочу майларды ташуу 100% токтотулду. Бул тууралуу Камчыбек Ташиев билдирди.


Анын айтымында, бардык аткезчилер жоопко тартылууда.


«Биз ишкерлерди куугунтуктап жатканыбызга айрымдар нааразы. Жок, биз салык төлөбөй, аткезчилик менен алектенген ишкерлерге гана каршыбыз. Эсиңизде болсун, Адахан Мадумаров бул тууралуу парламентте айткан. Ал коргогондордун баары контрабандисттер болчу. Биз аларды жоопко тарттык. Бүгүнкү күндө Баткенде күйүүчү-майлоочу майлардын аткезчилиги 100 пайызга токтотулду”, - дейт Камчыбек Ташиев.


УКМКнын башчысынын айтымында, аткезчилик жүктөрдү кармоо фактыларынын саны эки эсеге көбөйгөн. Алты айда кармалган товардын суммасы 594 миллион сомду түзсө, бюджетке 308 миллион сом түшкөн.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн