Бугу 16, 2024
Убакыт: 19:31
USD
88.40
89.30
EUR
95.80
96.80
RUB
0.960
0.980

Кыргыз-тажик чек арасында чыр-чатакка жол бербөө боюнча сүйлөшүүлөр жүргүзүлдү

22.12.2022 15:37
685
Кыргыз-тажик чек арасында чыр-чатакка жол бербөө боюнча сүйлөшүүлөр жүргүзүлдү

Кыргызстан менен Тажикстандын милиция кызматкерлери улуттар аралык чыр-чатактарды алдын алууну сүйлөшүштү.


  Баткен ОИИБдин Басма сөз кызматы билдиргендей,     Баткен РИИБдин начальниги милициянын полковниги Алмазбек Шагамурзаев тийиштүү бийлик өкүлдөрү менен биргеликте Баткен району менен Тажикстандын Исфара районунун чектешкен аймагында Исфара, Исфара-1 РИИБнин начальниктери менен жолукту.

 

    Жолугушууда эки элдин ортосунда ар кандай пикир келишпөөчүлүктөрдүн жана улуттар аралык чыр-чатактардын алдын алуу, болтурбоо, чек ара тилкелеринде жашаган тургундарга пиротехникалык каражаттарды колдонууга тыюу салынганын эскертүү, эки тараптан кирип кеткен мал-жандыктары өз убагында кайтаруу боюнча сүйлөшүүлөрдү жүргүздү. Ошондой эле эки элдин коопсуздугун сактоо максатында буга чейин уюштурулган кыргыз-тажик милиция кызматкерлеринин биргелешкен кайгуулдарын күчөтүүнү жана жергиликтүү тургундар менен алдын алуу иштерин жүргүзүүнү талкуулады.


      2022-жылдын 11 ай ичинде кыргыз-тажик милициясынын сүйлөшүүлөрүнүн негизинде кыргыз тарап 172 баш мал-жандыктарын өткөрүп алган, ал эми тажик тараптын 79 баш мал-жандыктарын өткөрүп берген.



Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн