Жетинин айы 22, 2024
Убакыт: 15:46
USD
86.55
87.05
EUR
89.80
90.80
RUB
0.830
0.875

Кыргыз-тажик чек арасында контрабандалык жүк кармалды (фото)

07.05.2020 14:27
1568
Кыргыз-тажик чек арасында контрабандалык жүк кармалды (фото)


Баткен районунун аймагында кыргыз жараны коңшулаш Тажикстандын жарандарына мыйзамсыз миграция иштерин уюштуруп жаткан жеринен кармалды, деп билдирди Баткен ОИИБинин басма сөз кызматы.



Маалыматка ылайык, Баткен районунун Кара-Бак айыл аймагындагы Достук айылынын Как-Сай участкасында мыйзамсыз жүктөрдү алмаштыруу максатында тосулган базарда 3-май күнү ошол айылдын 33 жаштагы Н.У. аттуу тургуну коңшулаш Тажикстан менен чектешкен Как-Сай участкасында мыйзамсыз контрабанда уюштурууга аракет кылышкан.

 


Атап айтканда бажы көзөмөлүнөн тышкары жол менен алып өткөн кургак-мөмө жемиштерди сатуу максатында тажик мамлекетинин 2 жараны 4 оор жүк ташуучу унааларга жүктөп жаткан жеринен кармалышкан.  

 


Баткен ОИИБинин кызматкерлери тарабынан бул факт Жоруктар кодексинин 122-беренеси (мыйзамсыз миграцияны уюштуруу) менен катталып, сотко чейинки өндүрүш иши башталат.

 


Бул жарандардын ден соолуктарын байкоо үчүн обсервацияга жаткырылып, анализдери таза чыккан соң, Баткен райондук соту тарабынан 1 айлык мөөнөткө убактылуу кармоо жайына киргизүү чечилди.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн