Бугу 10, 2024
Убакыт: 20:01
USD
88.50
89.40
EUR
95.00
96.00
RUB
0.950
0.975

Кыргыз-тажик чек арасында ок атылып, Кыргызстандын чек арачысы жаракат алды

06.08.2020 10:19
1079
Кыргыз-тажик чек арасында ок атылып, Кыргызстандын чек арачысы жаракат алды


Бүгүн, 6-августта саат 05:10 чамасында Баткен районундагы кыргыз-тажик чек арасында ок атылды. Бул тууралуу маалыматты “Медиа центр” мультимедиалык-маалымат агенттигине Мамлекеттик чек ара кызматынан тастыкташты. 


Маалыматка караганда, окуя Баткен районунун Эки-Таш аймагындагы чек арада катталды. 


"Тажикстан тараптан белгисиз адамдар ок чыгарып, (болжол менен аңчылык курал) кыргыз тараптын чек арачысынын колуна тийди. Ага медициналык жардам көрсөтүлүп, абалы канаттандырарлык. Учурда эки өлкөнүн чек арачыларынын сүйлөшүүсү өтүп жатат. Саат 10:00го карата чек арадагы абал туруктуу", - деп айтылат маалыматта. 





Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн