Тогуздун айы 25, 2024
Убакыт: 08:33
USD
85.65
86.15
EUR
92.30
93.30
RUB
0.880
0.915

Кыргыз-тажик чек арасында жабыркаган соцобъекттерди оңдоого 250 млн сом бөлүнгөн

10.08.2021 13:03
600
Кыргыз-тажик чек арасында жабыркаган соцобъекттерди оңдоого 250 млн сом бөлүнгөн

Баткен жана Лейлек райондорунун айылдарындагы 28-29-апрелде кыргыз-тажик чек арасындагы куралдуу жаңжалдан жабыркаган социалдык объектилерди куруу жана капиталдын оңдоодон өткөрүү иштери бекитилген календардык графикке ылайык жүрүүдө. Бул тууралуу  министрлер кабинетине каратуу Архитектура, курулуш жана турак-жай коммуналдык чарба мамлекеттик агенттигинин (Мамкурулуш) директорунун орун басары Бердимурат Жалилов билдирди.


Анын айтымында, учурда 8 социалдык объектини (5 мектеп, 2 бала бакча жана 1 ФАП) куруу жана капиталдык оңдоо иштри жүрүүдө.


«8 объектинин ичинен бешөөсү капиталдык курулуш объектиси, үчөөсү капиталдык оңдоого жатат. Бул иштерге республикалык бюджеттен 250 млн сом каралган, учурда 150,5 млн сом каржыланды»,-деди ал.


Бүгүнкү күнгө карата куруу-калыбына келтируу жумуштары боюнча төмөнкү иштер аткарылды:


- Ак-Сай айылындагы Ходжаев атындагы мектептин капиталдык ондоп-түзөө жумуштары аягына чыкты, тегериндеги тосмонун дубалдары бүткөрүлүүдө;


- Ак-Сай айылындагы ФАПтын капиталдык оңдоп-түзөө жумуштары бүткөрүлдү, объектти пайдаланууга тапшыруу боюнча аракеттер көрүлүп жатат;


- Кызыл-Бел айылындагы 225 окуучуга ылайыкталган мектептин окуу корпусунун дубалдары тургузулуп бүткөрүлүүдө, терезелери коюлуп жатат, шыбак жумуштары башталды, спорттук залдын пайдубалы орнотулуп, дубалдары тургузулууда;


- Максат айылындагы мектептин негизги капиталдык оңдоп-түзөө жумуштары боюнча бардык жумуштар аягына чыкты, мектептин тегерегинин көрктөндүрүү иштери жүргүзүлүүдө;


- Борбордук айылындагы 225 окуучу орундуу мектептин курулушу боюнча окуу корпусунун, спорттук залдын жана сүрөт галереясынын дубалдары тургузулуп, спорттук залдын темир фермалары жасалып жатат;


6. Маргун айылындагы 225 окуучу орундуу мектептин курулушу боюнча — окуу корпусунун 2- кабатынын дубалы тургузулуп баштады. Откананын дубалдары тургузулууда;


- Кулунду айылындаты 140 орундуу бала бакчанын дубалдары тургузулуп бүттү, электрмонтаждоо жумуштары, 1-кабатынын полдорун цементтөө жумуштары бүткөрүлүүдө. Имараттын ичине тепкичтери (лестничный марш) орнотулуп жатат;


- Интернационал айылындагы 100 орундуу бала бакчанын 1-кабатынын дубалдары тургузулуп, темир-бетон жабуу плиталары орнотулуп башталды. Балдар үчүн бастырма курууга пайдубал тургузулду.


«Белгилей кетсек, курулуш иштерин өз убагында аткаруу керектигин эске алуу менен объекттерде сапаттуу көзөмөл жүргүзүлүп, куруу-калыбына келтирүү жумуштары 2 нөөмөт боюнча аткарылып жатат, объекттерди белгиленген мөөнөттө бүткөрүү үчүн субподряддык уюмдар тартылууда»,-деди директордун орун басары.


Булак: "Кабар" 

Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн