Бугу 19, 2024
Убакыт: 04:33
USD
88.20
89.10
EUR
95.40
96.40
RUB
0.960
0.975

Кыргыз-тажик чек арасында жарандардын ортосунда чатак чыкты

Кыргыз-тажик чек арасында жарандардын ортосунда чатак чыкты

Бүгүн кыргыз-тажик чек арасында эки өлкөнүн жарандарынын ортосунда чатак чыкты. Бул тууралуу УКМКнын Чек ара кызматы билдирди. 


"Сомониен айылы аркылуу Дахма айылына кыргыз жараны өтүп бара жаткан учурда тажик жарандары ага орой сөздөрдү айткан. Жыйынтыгында жарандар уруша кетип, бир-бирине таш ыргытышкан", - деп айтылат маалыматта. 


Чыр-чатак курчуп кетпеши жана топтолгон элдин тарашы үчүн Кыргызстан жараны аңчылык куралынан асманга үч жолу эскертүү иретинде ок чыгарган.


Окуянын себептерин тактоо үчүн учурда Баткен жана Исфара тилкелеринде Кыргызстан менен Тажикстандын чек ара өкүлдөрүнүн деңгээлинде жолугушуу өтүп жатат.


Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн