Баш оона 22, 2025
Убакыт: 04:56
USD
87.10
87.60
EUR
101.20
102.20
RUB
1.080
1.110

Кыргыз-тажик делегациясынын топографиялык жумушчу тобу 2 аймакты аныктап, протоколго кол койду

10.05.2021 10:00
1508
Кыргыз-тажик делегациясынын топографиялык жумушчу тобу 2 аймакты аныктап, протоколго кол койду

Кыргыз-тажик чек арасын делимитациялоо жана демаркациялоо боюнча өкмөттүн делегациясынын макулдашуусуна ылайык, 5-9-май күндөрү Ош шаарында топографиялык жумушчу топторунун кезектеги жолугушуусу болуп өттү. Бул тууралуу Тажикстандын тышкы иштер министрлиги билдирди.



Маалым болгондой, жолугушуунун жыйынтыгында №43 чекиттен №61 чекитке чейинки аймак жана №135 чекиттен №141 чекитке чейинки аймак аныкталып, тиешелүү протоколго кол коюлган.


Тараптар кийинки жолугушууну Тажикстандын аймагында өткөрүүнү макулдашты. Жолугушуу достук маанайда өткөн.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн