Бугу 12, 2024
Убакыт: 03:17
USD
88.50
89.40
EUR
95.00
96.00
RUB
0.950
0.970

Кыргыз-тажик мамлекеттик чек арасынын дагы 3,71 чакырымы такталды

05.02.2024 15:13
246
Кыргыз-тажик мамлекеттик чек арасынын дагы 3,71 чакырымы такталды


Кыргыз-тажик мамлекеттик чек арасын делимитациялоо жана демаркациялоо боюнча топографиялык жумушчу топтордун кезектеги жолугушуусу болду. Бул тууралуу КР министрлер кабинетинин басма сөз кызматынан билдиришти.

Тараптардын жолугушуусу жетишилген макулдашууга ылайык бул ирет үстүбүздөгү жылдын 30-январынан 5-февралына чейинки аралыкта Баткен облусунун Баткен шаарында болуп өттү.

Бул жолугушууда топографиялык жумушчу топтор кыргыз-тажик мамлекеттик чек арасынын 3,71 чакырымы боюнча макулдашышты.

Тараптар калган аймактарды сыпаттоо иштерин Таджикстан Республикасынын аймагында өтө турган кийинки жолугушууда улантышат.

Жолугушуунун жыйынтыгында тиешелүү протоколго кол коюлду.

Жолугушуу достук жана өз ара түшүнүшүүнүн маанайында өттү.

Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн