Чын курандын 19, 2024
Убакыт: 11:25
USD
89.10
89.87
EUR
94.30
95.30
RUB
0.940
0.960

Кыргыз-тажик тилкесинде абал курч бойдон калууда,- УКМК

01.05.2021 15:49
2410
Кыргыз-тажик тилкесинде абал курч бойдон калууда,- УКМК


Бүгүн, 1-май саат 15:00гө карата мамлекеттик чек аранын кыргыз-тажик тилкесинде абал курч бойдон калууда, деп билдирди Кыргызстандын Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин Чек ара кызматынын басма сөз кызматы.


"Кошумча күчтөрдү жана техниканы чек арадан алардын туруктуу жайгаштыруу жерлерине алып кетүү боюнча эки тараптуу келишимдерди бузуу менен, коңшу тарап аскерлерин жана оор аскер техникаларын Кыргызстан менен чек ара тилкесине алып чыгууну улантууда", - деп билдирди аталган мекеменин басма сөз кызматы.


Баткен облусунун Баткен районундагы Көк-Таш айылынын аймагында тажик тарап мезгил-мезгили менен өтүп бара жаткан унааларды аткылап жатат.


  • Саат 13:35те төраганын биринчи орун басары – УКМКнын Чек ара кызматынын директору, полковник Уларбек Шаршеев Тажикстандын өкүлдөрү менен сүйлөшүүлөрдү жүргүзүү үчүн Тажикстанга жөнөп кетти.

Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн