Бугу 17, 2024
Убакыт: 11:02
USD
88.30
89.20
EUR
95.50
96.50
RUB
0.960
0.980

Кыргыз-тажик топографиялык делегациясы 17,6 км чек ара боюнча сүрөттөмө бекитти

07.12.2022 12:21
243
Кыргыз-тажик топографиялык делегациясы 17,6 км чек ара боюнча сүрөттөмө бекитти

Кыргызстан менен Тажикстан чек ара сызыгынын 17,66 чакырымы боюнча долбоордук сүрөттөмөсүн бүттү. Бул тууралуу АКИпресс агенттиги Министрлер кабинетине таянып билдирди.


Маалыматка ылайык, эки өлкөнүн топографиялык жумушчу топтору 1-6-декабрь күндөрү Баткенде жолугушуу өткөргөн.

Сүйлөшүүлөр достук маанайда өтүп, 2023-жыл үчүн жумушчу топтун иштөө графиги бекитилген.


Буга чейин Садыр Жапаров Кыргызстан менен Тажикстан чек ара боюнча алдын ала макулдашууга жетишкенин билдирген.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн