Бугу 14, 2024
Убакыт: 12:32
USD
88.40
89.30
EUR
95.00
96.00
RUB
0.955
0.980

Кыргыз темир жолдору ооруканасынан COVID-19дан сакайган акыркы бейтап чыгарылды

18.08.2020 10:47
945
Кыргыз темир жолдору ооруканасынан COVID-19дан сакайган акыркы бейтап чыгарылды


Кыргыз темир жолдору бейтапканасынын эмгек жамааты COVID-19 илдетинен сакайган акыркы жаранды үйүнө чыгарышты. Бул тууралуу медициналык мекеменин башкы дарыгеринин орун басары Ирина Шевцова билдирди.

Анын айтымында, бейтапкананын жетекчилиги коронавирусту жеңген пайгамбар жашындагы айымды салтанаттуу түрдө үйүнө узатууну чечти.

"К.Ж. аттуу 1941-жылы туулган айым биздин бейтапканага 6-августта түшкөн. Бишкек шаарынын тургуну COVID-19 илдетине кабылып, эки тараптуу пневмония болгонун аныктадык. Анын абалы орто болчу. Курагы 80ге кирип калган бейтап биздин дарыгерлердин жардамында илдетти жеңип, 15-августта салтанаттуу түрдө үйүнө чыгарылды”, - дейт бейтапкананын башкы дарыгеринин орун басары.

Өз сөзүндө Ирина Шевцова азыркы учурда бейтапкана кадимки тартипте иштеп, медициналык мекеменин багытына туура келген бардык бейтаптарды кабыл ала баштаганын кошумчалады.



Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн