Чын курандын 26, 2024
Убакыт: 12:00
USD
88.90
89.70
EUR
95.00
96.00
RUB
0.955
0.980

“Кыргыз темир жолу” ишканасы Баткенге 2 фура гумжардам жөнөттү

04.05.2021 15:58
1250
“Кыргыз темир жолу” ишканасы Баткенге 2 фура гумжардам жөнөттү

“Кыргыз темир жолу” улуттук компаниясы” мамлекеттик ишканасы темир жолчулардын атынан Баткен облусуна 2 фура гуманитардык жардам жөнөттү. Бул тууралуу Траспорт, архитектура, курулуш жана коммуникация министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, гуманитардык жардам 20 тонна азык-түлүктөн: ун, күрүч, кумшекер, макарон, чай, туз, май, кир жана идиш жуучу каражаттардан турат.

Мындан тышкары, 60 комплект төшөк шейшептери, матрац, жаздык, жууркан-төшөк жана башкалар бар. Жүктү “Кыргыз темир жолу” ишканасынын жетекчилиги жана кызматкерлери коштоп барат.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн