Чын курандын 26, 2024
Убакыт: 10:59
USD
88.90
89.70
EUR
95.00
96.00
RUB
0.955
0.980

«Кыргыз темир жолунда» жетекчилер алмашканы менен коррупция тамырлашып калганбы?

27.05.2021 10:11
1355
«Кыргыз темир жолунда» жетекчилер алмашканы менен коррупция тамырлашып калганбы?


Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин алдындагы «Кыргыз темир жолу» мамлекеттик ишканасындагы коррупция, уурдалган миллиондор тууралуу буга чейин да бир топ журналисттер өз иликтөөлөрүн жасашты. Кайсы бир жетекчиси, жооптуу кызматкери коррупциялык ишке айыпталып, кылмыш иштери козголуп жаткандай эле болот. Бирок, андан кийинки келген жетекчиси деле эскилердин жолоюна түшүп кете бергени кызык болууда. Анан дагы мурда коррупция беренеси менен иш козголгон кызматкерлери кайра эле өз орундарында иштеп жатышкандарын кандай түшүнүүгө болот? Мына ушул мамлекеттик ишканадагы тамыры эч эле кыйылбаган коррупциялык көрүнүштөр боюнча «Азаттык» радиосу бир кылмыш ишинин алкагында журналисттик иликтөөсүн жасаптыр. Андагы келтирилген фактыларга үңүлсөк, коррупцияга каршы күрөш «Кыргыз темир жолу» мамлекеттик ишканасына анчалык деле таасир этпей жаткан сыяктуу. Биз төмөндө «Азаттык» келтирген фактыларды окурмандарга сунуштайбыз.


Эсиңиздерде болсо керек, 2020-жылдын 15-июнунда «Кыргыз темир жолдун» мурдагы жетекчиси Канатбек Абдыкеримов «Туруктуу коррупциялык топ түзгөн» деген шек менен УКМК кызматкерлери тарабынан кармалган эле. Ал ишкананын башка жетекчилери жана жеке ишкер менен өз ара сүйлөшүп алып, мамлекеттик сатып алууларда өз кызыкчылыгын көздөгөн деген айып тагылган.


Алардын өз ара түзүп алган схемасына ылайык, башка компаниялардын тендерлерге катышуу укугу чектелген. Ал эми тендерден уткан компаниялар алардын кызматы үчүн берилген акчанын 8-15%ын «Кыргыз темир жолдун» жетекчисине жана анын туруктуу коррупциялык тобуна берип турушкан. Тергөөнүн жүрүшүндө бул схема менен 2018-жылдын ноябрынан 2020-жылдын апрелине чейин «Кыргыз темир жолдун» көмүскө кассасында айына 8-9 миллион сомго чейинки акча айланып, анын 50%ы жетекчиликтин, калган 50%ы башка кызматкерлердин чөнтөгүн кампайтып турган.


Кызыгы, ошол УКМК айткан «Туруктуу коррупциялык топко» тиешеси бар «Кыргыз темир жолу» мамлекеттик ишканасынын башка кызматкерлери дагы деле иштеп жатканында болууда. Тактап айтсак, аталган мамлекеттик ишкананын башкы инженери Алымжан Хасанов жана сыноо борборунун кызматкери Василий Коваль да К. Абдыкеримовдун туруктуу коррупциялык тобунда бар экени айтылган. Бирок, алар дагы деле мамлекеттик ишканада эч нерсе болбогондой иштеп жүрүшөт.


Алымжан Хасанов Канатбек Абдыкеримовдун убагында мамлекеттик ишкананын жетекчисинин орун басары болуп турган. Анан дагы мамлекеттик ишкананын эки локомотивин оңдоо боюнча (2018-жылы) өткөрүлгөн сынак комиссиясынын төрагасы болгон. Бирок, сынак комиссиясы өткөнгө чейин ал башка кызматка которулуп кетип, комиссия төрагалыгына дагы бир орун басар Кубан Асанбеков келет. Тергөө документтерине таянсак, ошол убактагы жетекчи Канатбек Абдыкеримов орун басары Кубан Асанбековго тендерден россиялык «Липихина» ишканысынын жеңишин камсыздайсың деген басым жасайт. Абдыкеримов «Липихина» ишканасы менен баа жагын сүйлөшүүнү Алымжан Хасанов өз колуна ала турганын айтат. Демек, Хасанов сынак комиссиясынын төрагалыгынан кеткени менен анын ишине ичинен аралашууну токтотпогонун түшүнөбүз.


Ошентип 2019-жылы сынак комиссиясынын жыйынтыгы менен «Липихина» ишканасы жеңүүчү деп табылып, 2 локомотивди оңдоо үчүн суммасы 1 миллиард сомго жакын келишим түзүлөт. Тергөө кызматы бул эки локомотивди оңдоого жумшалды делген акчанын суммасы өтө эле кымбат көрсөтүлгөнүн белгилеген. Оңдоо үчүн Россияга жөнөтүлгөн эки локомотивдин бирөө ал жактан башка локомотивге алмаштырылган. Экинчисинин дайыны жок. Ошентип эки локомотивди оңдотуудан мамлекет 7 миллион сомдой чыгым тартканы белгилүү болгон.


Натыйжада 2020-жылдын 5-июнунда Алымжан Хасанов УКМК кызматкерлери тарабынан кармалып, Кылмыш-Жазык кодексинин 204-беренеси («Алдамчылык») менен шектелип, сот аны 4-августка чейин камакка алуу чечимин чыгарган.


Тергөөнүн жүрүшүндө Алымжан Хасанов өзүнүн жасаган «Эмгеги» үчүн Канатбек Абдыкеримовдон айына, айрым учурда эки айда бир жолу 1000-2000 АКШ долларын сыйакы катары алып турганын өзү айтып берген. Демек, ал мамлекеттик ишканада коррупциялык иштер болуп келгенин мойнуна алып жаткан болуп жатабы?


Ошентип өзүнүн күнөөсүн мойнуна алган Алымжан Хасанов 2020-жылдын 18-июлунда «Кыргыз темир жол» ишканасынын ошол кездеги жетекчиси Василий Дашковдун буйругу менен тергөө аяктаганча убактылуу иштен четтетүү жөнүндө буйрук чыгарган. Алымжан Хасанов менен бирге кылмыш ишине катыштыгы бар деп шектелгендер да убактылуу иштен четтетилген. Тилекке каршы, ал буйрук иш жүзүндө аткарылган эмес. Алымжан Хасанов дагы, аны менен чогуу шектелип жаткан Василий Коваль дагы өз ордуларында иштеп жатат.


Ушул жылдын 13-апрелинде Транспорт жана коммуникациялар министринин ошол кездеги орун басары Талант Солтобаев «Кыргыз темир жолу» мамлекеттик ишканасынын жаңы дайындалган жетекчиси Адылбек Адрановго Алымжан Хасановду иштен убактылуу четтетүү боюнча сунуш киргизип, кат жолдойт. Бирок, андан майнап чыккан эмес. Андан кийин Солтобаев мындай көрүнүш жалпы кыргыз өкмөтүнүн кадыр-баркына көлөкө түшүрөөрүн жазып, ал кездеги премьер-министр, азыркы министрлер кабинетинин төрагасы Улукбек Мариповго кат жолдойт. Кайрылуунун жообу белгисиз.


Ошентип өзүнүн жасаган кылмышын тергөөдө мойнуна алып отурган Алымжан Хасанов дагы деле кызмат ордунда. Анын эмне себептен иштен четтетилбей жатканына ишкананын жетекчиси Адылбек Адранов жооп берүүдөн баш тарткан. Ошондой эле ишкананын кадрлар бөлүмүнүн башчысы Г. Сапарова дагы бул суроого жооп берген эмес. Баарынан кызыгы, Г. Сапарова ошол Алымжан Хасановдун кызы экен.


Тергөөнүн документтерине ылайык, ишканадан мыйзамсыз жол менен акча чыгарып кетүүгө «Кыргыз темир жолунун» мурдагы жетекчиси Канатбек Абдыкеримов, анын орун басарлары Русланбек Кадыркулов, Кубан Асанбеков, башкы инженер Алымжан Хасанов жана каржы башкармалыгынын жетекчиси Бакыт Кулматовдун ысымдары аталган. Бүгүнкү күндө Канатбек Абдыкеримов эч жакка кетпөө тил каты менен бошотулса, калгандарынын баары өз ордуларында эле иштеп жатат.


Демек, коррупцияга каршы күрөш «Кыргыз темир жолуна» келгенде мокоп калып жатабы? Эмнеге өз күнөөсүн мойнуна алгандар деле жоопкерчиликке тартылуунун ордуна кызмат орундарында кала берген? Буга тиешелүү мамлекеттик органдар эми кандай реакция жасайт? 



Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн