Олимпиада оюндарынын күмүш медаль ээси Айсулуу Тыныбекова кыргызстандыктарды Мамлекеттик тил күнү менен куттуктады.
Төмөндө Тыныбекованын куттуктоосу;
Урматтуу достор!
Баарыңыздарды бүгүнкү мамлекеттик тил күнү менен чын жүрөктөн куттуктайм!
"Эне тили болбосо, аты аталбайт улуттун" дегендей, кыргыз тилинин тарыхы - бул биздин элибиздин тарыхы.
Бүгүнкү күндө тил маселеси, мамлекетибиздин негизги багыттарынан болуп эсептелет!
Андыктан келгиле достор кыргыз тилинде сүйлөшүп эне тилди өнүктүрөлү!
Эне тилин билүү - улутуңа жана тегиңе болгон урмат-сыйдын белгиси.
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн