Билим берүү жана илим министрлиги мамлекеттик тилди өнүктүрүү жана тил саясатын өркүндөтүү боюнча улуттук программанын алкагында 18 аталыштагы китепти басып чыгарды. Бул тууралуу Билим берүү жана илим министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка караганда, 8409 нускада басылып чыккан китептин 7 аталыштагысы ден-соолугунан мүмкүнчүлүгү чектелген балдар үчүн, 1 китеп мектеп жана калган 10 аталыштагы китеп орто жана жогорку кесиптик билим берүүгө багытталган.
Китептердин кол жазмаларын кабыл алууда кесиптик окуу жайлардын жана Билим берүү академиясынын, кеңешинин чечимдери эске алынды. Китептер тиешелүү окуу жайларга бөлүштүрүлүп, азыркы тапта аймактарга жеткирилүүдө.
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн